Ишкерди иштетпей жаткан тоскоолдуктар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жеке ишкер Чүйдө 100 миллион сом каражат коротуп салган “ЮниЛаб” логистикалык борбору ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке кирбей турат. Ал эми Евразия экономикалык биримдигинин шартына ылайык, Кыргызстан товар экспорттоо үчүн талаптагыдай лабораториясы менен логистикалык борборлорду курушу керек болчу. Бүгүнкү күндө өкмөт бир дагы мамлекеттик логистикалык борборду толук ишке киргизе элек.