Өзбек укук коргоочулары саясий туткун Ганихон Маматхановдун тагдырына кабатыр

Алардын айтуусунда, абактан 4 ай мурда эле чыкчу саясий туткундун тагдыры тууралуу таптакыр эч нерсе белгисиз.

Көптөгөн жылдан бери балдарды мажбурлап иштетүүгө каршы болуп, өлкөдөгү фермерлердин укуктары үчүн күрөшүп келген ферганалык укук коргоочу Ганихон Маматхановду коргоо өнөктүгү «Жалындуу жүрөктөр» аталышындагы эл аралык укук коргоо уюму тарабынан 3-октябрда башталган.

Уюмдун жетекчиси Мутабар Тажибаеванын айтымында, абакта сегиз жыл жаткан Маматханов 2016-жылдын 4-июнунда эле эркиндикке чыгышы керек болчу. Тажибаева: «Бирок андан бери төрт айдан ашык убакыт өттү, анын тагдыры тууралуу үй-бүлөсү, жакындары эч кандай маалымат ала албай келишет», - деп билдирди.

Тажибаева 16-сентябрда Маматхановдун уулу Жамалхон Жазаларды аткаруу кызматына барып, атасы тууралуу маалымат алууга аракет кылган. Бирок ага Ганихон Маматхановдун Таштүрмөдө (№1 тергөө абагы) экенин айтышкан. Анын атасы менен жолугуп, ага керектүү нерселерди берип жиберүү өтүнүчүн аткаруудан баш тартышкан.

Ганихон Маматханов алдамчылыкка айыпталып 2008-жылы камакка алынып, ошол эле жылдын 9-октябрында төрт жыл беш айга соттолгон.