50 тонна кумшекердин баасы арзандатылып көрсөтүлгөн

Кант.

Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 1 млн. сомдон ашык арзандатылган баа менен 50 тонна кумшекер ташып келүү фактысын аныктады. Мыйзам бузуу Талас облусундагы “Чоң-Капка” өткөрмө пуктунда катталган. Жеке ишкерге таандык эки жүк ташуучу автоунаадагы кумшекердин ыктыярдуу патенттери жок болгон.

Жалпысынан Салык кызматы 19-сентябрдан бери товар ташууда мыйзам бузуунун ондон ашык фактысын аныктаган.

Буга чейин Салык кызматы жеке ишкерлер салыктан качып атайын арзандатылган баа менен Кыргызстанга товарларды ташып келип жатканын билдирген.