Немис полициясы теракт уюштурууну көздөгөн деп шектелген сириялыкты издөөдө

Германиядагы антитеррордук операция.

Германиянын чыгышында жайгашкан Кемниц шаарынын полициясы сириялык качкынды кармоо боюнча операцияны улантып жатат. 22 жаштагы сириялык Жабер аль-Бакрдын кайда экени азырынча белгисиз. Күч органдары анын сүрөтүн таратып, көргөн-билгендерди полицияга кабарлап коюуну өтүндү.

Чалгын кызматынын маалыматына караганда, аль-Бакр “Ислам мамлекети” деп атаган топ менен байланышта болушу ыктымал. Аны менен катышы бар деп шектелген дагы үч сириялык 8-октябрда кармалды.