Баш калаада “Күзгү Бишкек” акциясы өттү

"Ата түрк" эс алуу багындагы иш-чара

Бишкектеги эс алуу бактарында “Күзгү Бишкек” аттуу акция уюштурулду. Шаардагы маданий мекемелердин артисттери түрдүү этносторго таандык ыр-бийлерди тартуулашып, таланттуу балдардын өнөрлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чаралар ишембиде “Ата түрк”, “Асанбай” эс алуу бактарында, Жаш Гвардия сейил багында болду.

Мэриянын басма сөз кызматы көчө майрамы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулганын маалымдады. (SE)