Кудайберген Базарбаев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 11-октябрда кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта ал кызматын тапшыруу боюнча өз каалоосу менен арыз жазган.
Базарбаев “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. 2013-жылдан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматын аркалаган.
Буга чейин “Ата Мекендин” жогорку кызматтагы бир канча мүчөсү иштен алынган.