Кыздары бактылуу элдин эртеңи жарык
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
11-октябрда Бишкекте да Эл аралык кыздар күнү белгиленди. Кыздар күнүн белгилөө 2012-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бекитилген. Бул аракет дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда өспүрүм кыздар баштан кечирип жаткан социалдык маселелерге бийликтин жана башка органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпы коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.