Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы Крымдагы шайлоону айыптады

Украина, Орусия каратып алган Крымдагы шайлоо.

12-октябрда кабыл алынган резолюция “Украинадагы орусиялык агрессиянын саясий кесепеттери” деп аталып, Крымда шайлоо өткөрүү эл аралык укукка каршы келери жана Думанын мыйзамдуулугуна шек жаратары айтылган. Резолюцияда Украинаны көзөмөлдөөнү калыбына келтирмейинче Орусиядан санкцияларды албай туруу боюнча Киевдин сунушу да кирди.

Парламенттик ассамблея Крым жана өздөрүн Донецк, Луганск элдик республикалары деп жарыялап алган аймактарда адам укугун сактоого арналган кайрылуу да кабыл алды. Ага ылайык, бул аймактарда адам укуктарын сактоо милдети иш жүзүндө алардын баарын көзөмөлдөп турган Орусияга жүктөлгөн. Крым татарларынын укуктары жана эркиндиктерин коргоо маселеси да өзүнчө жазылган. 18-сентябрда Орусия аннексиялап алган Крымда Мамлекеттик думага шайлоо өткөн болчу.