Бишкек-Дубай учагынан мыйзамсыз ителги алып бараткан арабдар кармалды

Багалекке катылган ителгилер.

Кармалгандар Бириккен араб эмирлигинин жарандары. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Быйыл 14-октябрда аэропорттун паспорт көзөмөлүнүн кызматкерлери эки арабдын баскан-турганынан шектенип, бирок алардын документтери жайында болгондуктан, унчугушкан эмес. Арабдардын шек туудурган кыймыл-аракетин учактын узатуучусу да байкап, чек арачыларга маалымдаган. Натыйжада араб жарандары багалеги кең шымдарына катып, көзөмөлдөн алып өткөн төрт ителги табылган.

Ителгилердин башына томого кийгизилип, канат-куйруктарын байлап туруп, шымдын ичине атайын тигилген кошумча чөнтөгүнө салып, алып өтүшкөн.

Тиешелүү иш-чаралар бүткөн соң, кармалган төрт араб жараны УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандан сейрек кездешүүчү ителги, бүркүт жана башка алгыр куштарды алып чыгып кетүү аракеттери мурда да бир нече жолу болгон.(ZKo)