15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге жетиши мүмкүн. 15-октябрда күндүз жаан-чачын болбойт.
Абанын табы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүзү 9...14 градус жылыйт.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүзү 8...13 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1...6, күндүзү 11...16 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-3, күндүзү 7...12, Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүзү 7...12 градус жылыйт.
Бишкекте 15-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 10…12° жылуу болот.