Аталган мыйзам долбоору кийинки аптада алгач Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетте каралып, 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Ага ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун датасын аныкталышы керек. Буга чейин биринчи окууда кароодо референдумду 4-декабрда өткөрүү сунушталган. Бирок жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрга белгиленгенине байланыштуу референдумда да ушул күнү өткөрүү каралууда.
Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин парламенттеги беш фракция демилгелеп алып чыгышкан. Бирок долбоордун акыркы редакциясына кол коюудан “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын башчылары баш тартышкан. Алар муну баштапкы сунушталган текст өзгөргөнү менен түшүндүрүшкөн.
Ал эми оппозициялык «Референдумга-жок» кыймылы 8-октябрда Бишкекте форум өткөрүп, бийликти Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырган. (BkA)