Боомдо таштарды кулатуу иштери жүрөт

Боом капчыгайы.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашкандай, поезд жана автоунаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бүгүнтөн тарта 20-октябрга чейин Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрөт.

Бул жумуштар автоунаа жана темир жол каттамдарына коркунуч жараткандыктан, айтылган күндөрү саат эрте мененки 9дан түшкү 3кө чейин жолдор маал-маалы менен жабылат. Айдоочуларга түшүндүрүү жана жол каттамын иретке келтирүү максатында ИИМдин жол кайгуул кызматы көмөктөшмөкчү.

Маалым болгондой, автоунаа жолунда 30-40 машине чогулуп калса, таштарды кулатуу токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлмөкчү. (BkA)