Алты киши жаракат алып, экөө дайынсыз. Жарылуу өлкөнүн батыш тарабындагы Рейн дарыясынын жээгинде болду. Аймак бат күйүүчү суюктуктарды жана суюлтулган газды жүктөө максатында колдонулчу. Заводдун жетекчиси Уве Либельттин сөзү боюнча, жарылууга чейин кампага суюктук төккөн түтүктөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу маалымдалган.
Полиция Людвигсхафен жана Манхайм аймактарынын жашоочуларын эшик-терезелерди ачпоого жана вентиляциялык системаларды, кондиционерлерди иштетпей турууга чакырды. Айдоочуларга районду айланып өтүү сунушталууда.
Коопсуздук үчүн BASF ишканасы аймактагы дагы 14 заводунун ишин токтоткону кабарланууда.