Парламентте референдумду 11-декабрда өткөрүү сунушталды

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин жыйынында “Референдумду дайындоо” боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда белгилүү болду. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов референдумду 11-декабрда өткөрүүнү сунуштады.

Буга чейин аталган мыйзам долбоорду парламентте биринчи окууда кароодо референдумду 4-декабрда өткөрүү сунушталган эле.

Бирок жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 11-декабрга белгиленгендиктен референдумдун мөөнөтү да өзгөртүлүүдө.

Бийликтер эки добуш берүү өнөктүгүн бир күндө өткөрүүнү бюджеттеги каражатты үнөмдөө аракети менен түшүндүрүп жатат.(BkA)