Чүй облус прокуроруна кылмыш иш козголду

Иллюстративдик сүрөт.

Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбековго «пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, прокурорго козголгон кылмыш ишти УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат тергеп жатат.

Айрым маалымат каражаттары Нурбековдун эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынганын кабарлоодо. Бирок бул маалыматты Улуттук коопсуздук комитети тастыктай элек.

Сентябрдын аягында Коррупцияга каршы кызмат Чүй облустук прокуратурасында тинтүү өткөргөн. Анда облус прокурору менен бирге бир катар прокуратура кызматкерлери кылмышка шектелгени айтылган эле.(BkA)