Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү талкууланууда

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңешnте “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамы боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда. Бул мыйзам долбоору боюнча Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов суроолорго жооп берүүдө.

Депутат Аида Салянова Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бир катар так эместиктер бар экенин белгилеп, аларды тактоо зарылдыгын билдирди. Анын ырасташынча, учурдагы Баш мыйзамда жарандык иштер боюнча эркинен ажыратууга тыюу салган. Ал эми Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бул так көрсөтүлбөгөнүн Салянова айтып, тактоону талап кылды.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун парламенттеги беш фракция демилгелеп алып чыккан. Бирок акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир бол” фракцияларынын лидерлери баш тартышкан. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүшкөн.(BkA)