Кол салган адам ооган аскеринин кийимин кийип жүргөн. Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Давлат Вазири окуя 19-октябрда Кабулдун түштүк-батышында Ришкор деген жерде болгонун билдирди. Аны эл аралык күчтөрдүн жоокери атып салган. Вазиринин айтымында, окуя эл аралык күчтөрдүн аскерлери Ооганстандын атайын күчтөрүнүн машыгуу лагерине келгенде болгон.
НАТО күчтөрүнүн маалымат кызматынын өкүлү Кевин Уэст окуяны учурда тастыктай албасын, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. (AiT)