ИИМ депутат Жакуповага карата коркутууларды текшерүүдө

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупованын дарегине коркутуулар түшкөнү боюнча маалыматты текшерүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, депутат коркутуулар тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган жок. Бирок маалымат каражаттарында айтылган маалыматтардын негизинде текшерүүнү баштады.

Буга чейин Чолпон Жакупова акыркы учурда анын дарегине ар кандай эскертүүлөр түшүп жатканын билдирген эле.(BkA)