Кыргызстандын футболчулары ФИФА рейтингинде 99-орунду ээледи

Кыргыз футболчулары

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 99-орунга чыкты. Бул тууралуу ФИФА сайтында жарыяланган рейтингде белгилүү болду. Мындай жыйынтык өлкө курамасынын тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч. Буга чейин кыргызстандык команда ээлеген эң жогорку тепкич - 100-орун болгон.

Ушул айда Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын курамасын 1-0 эсебинде утуп, ливандык футболчулар менен тең ойногон. 

Эл аралык рейтингдеги алдыңкы мыкты улуттук курама командалардын көч башында Аргентина, Бельгия, Бразилия, Колумбия жана Германия өлкөлөрү турат.(BkA)