Санкт-Петербургдун тергөө комитети иш “курамында кылмыш жоктугуна” байланыштуу жабылганын маалымдады.
Беш айлык Умарали Назаров өткөн жылы 14-ноябрда ата-энеси миграциялык мыйзамдарды бузду деп кармалгандан бир нече сааттан кийин чарчап калган. Аны энесинен бөлүп, өзүнчө алып кетишкен. Орусиянын бийлиги бала ооруканада дем ала албай каза болгонун маалымдашкан. Ата-энеси бала кармалганга чейин куландан соо болгонун бекемдешүүдө.
Умаралинин өлүмү боюнча кылмыш иши тажикстандык мигранттардын, укук коргоочулардын жана Тажикстан бийлигинин нааразылыгынан кийин гана козголгон.