Секелек үнүн ким угат?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындан бир нече күн мурун Нарында 16 жана 17 жаштагы бир тууган кыздар күйөөгө кеткени белгилүү болсо, үстүбүздөгү жылы Кара-Кулжада 14 жаштагы кызды зордуктады дегендер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулганы ачыкталды. Интернетке көз чаптырсаң ушул өндүү секелектердин укуктары тебеленген кабарлар арбын. “Азаттык+” өспүрүм кыздардын укуктары, өткөөл курактагы секелектер туш болуп жаткан көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелерин талкуулады.