Сириянын Алеппо шаарында уруштар улантылууда

Алеппо.

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүү борбору 23-октябрда Алеппонун чыгышындагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн райондорго абадан, ага улай жерден артиллериялык чабуулдар жасалганын билдирди. Маалыматка караганда, өкмөттүк күчтөр Рашидин жана Хан-Туман райондорун басып алып, Алеппонун түштүгүндөгү аймактарга жакындады.Салгылашууларда кеминде 20 согушкер, негизинен Аль-Каиданын жолун улаган Фатех аль-Шам тобунун өкүлдөрү жок кылынганы кабарланууда. Ошондой эле козголоңчулар жайгашкан аймактарга да сокку урулган. Түндө Алеппону экиге бөлүп турган линияда кагылышуулар болду.

20-октябрда Орусия менен Сирия салгылашуулар үч күнгө токтой турганын айтып, Башар Асаддын бийлиги жай тургундарды эвакуациялоо үчүн 8 коридор ачылганын билдирген. Бирок укук коргоочулар бир коридор гана ачык болуп, андан аз эле адам өткөнүн кабарлап жатышат. БУУнун маалыматы боюнча, Алеппонун курчоодогу райондорунда 250 миңден ашуун адам бар.