Өмүркулов өкмөт башчы өзгөрбөй турганын билдирди

Өкмөт өкүлдөрү.

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин азыркы өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүү болбойт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди:

- Баарын алмаштыралы деген максат жок. Андай кылган туура эмес болот. Кесипкөй министрлерди ордунда калтырыш керек. Премьер-министр деле ордунда калат деген ойдомун.

КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгарын дүйшөмбүдө жарыялаган. Буга “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерди негиз кылып көрсөтүшкөн.

Эреже боюнча, парламентте коалиция тараган учурда өкмөт токтоосуз отставкага кетет. Коалиция түзүлүп, өкмөт курамы бекитилгенче премьер-министр жана министрлер утурумдук “милдет аткаруучу” катары кызматын уланта берет. (SE)