Москвадагы түнкү клубда кыргызстандыктар бычакташты

Москвадагы түнкү клубдардын биринде кыргызстандыктар бычакташып, үчөө ооруканага түштү. Жаңжал 10-октябрда болгонун Ички иштер министрлиги кабарлады.

Окуяга байланыштуу Орусиянын Кылмыш кодекси боюнча иш козголду. Жаңжалга катышкан эки адам кармалган.