Надежда апанын жаңы үйү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мындан жарым жыл мурда токмоктук ардагер Надежда Агапованын үйүн өрт чалып, кырсыкта анын жалгыз баласы каза болгон эле. Үй-жайсыз жана каралашар кишиси жок калган байбиче көчөдө калуу коркунучунда турганда ага көп жылдан бери Кыргызстанда жашап калган канадалык үй-бүлө колун сунуп, күйгөн үйдү кайра тургузуп берүүдө.