Сирияда кыргызстандык үй-бүлө набыт кеткени тууралуу кабар такталууда

Сирия.

Ысык-Көлдөн Сирияга кеткен үй-бүлө ошол жакта каза болушканы тууралуу маалымат такталып жатат. Азырынча расмий билдирүү жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Мурдараак Коомдук биринчи телеканал Сирияга жихадга кеткен кыргызстандык үй-бүлөнүн 25 мүчөсү набыт кетишкенин милицияга жана алардын туугандарына таянып билдирген эле.

-Бул туугандарынын эле айтканы болуп жатат. Облустук милициянын 10-башкармалыгы иликтөө жүргүзүүдө. Бирок маалымат тастыктала элек. Өлдү деп айтылган адамдардын сөөктөрү да келген эмес,- деди Усубакунов.

Ысык-Көлгө бир үй-бүлөдөн жыйырмадан ашуун адам Сирияга жихадга кетип калганы былтыр маалымдалган.

Расмий кабарларга караганда, Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге аралашып жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты. Алардын 70тен көбү каза тапты. (SE)