Молдовада президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыкты

Молдовадагы шайлоо.

Молдовада 30-октябрда өткөн президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына ылайык, орусиячыл талапкер, Социалисттер партиясынын өкүлү Игорь Додон 49,7 пайыз добушка ээ болду. Европачыл Майя Санду 37 пайыз добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 93 пайызы саналганын билдирди.

Бул соңку 20 жылда алгачкы жалпы элдик президенттик шайлоо болду. Добуш берүү Евробиримдик менен интеграцияны колдогондор жана Орусия менен тыгыз карым-катнашта болууну көздөгөндөр ортосундагы күрөш катары каралууда.

1996-жылдан бери Молдовада президентти парламент шайлап келген. Быйыл Конституциялык сот чыгарган чечимге ылайык, молдовандар президентти түз шайлоо укугуна ээ болушту. (SE)