Кыргыз футболчулары Манилага сапар алышты

Кыргыз футболчулары (кызыл кийимчен) оюн учурунда.

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 1-ноябрдан эл аралык беттештерге машыгууларын баштады. Бүгүн алар Филиппиндин Манила шаарына жол алышарын Футбол федерациясы кабарлады.

Кыргызстандыктар 9-ноябрда Филиппин, 15-ноябрда Бахрейн футболчулары менен беттешет. Ага чейин ошол жакта даярдык көрүшөт.

FIFA рейтингинде Кыргызстан учурда 99-орунда. Бир ай мурун 108-тепкичте болчу.