Казакстанда кыргызстандыктар бараткан автобус кырсыкка кабылды

Кыргызстандан Орусияга багыт алган Mercedes-Benz Sprinter автобусу Казакстандын аймагында кырсыкка кабылды. Актөбө облустук Чукул кырдаалдар департаменти “Азаттыкка” билдиргендей, авария учурунда салондо 17 адам болгон. Алардын баары кыргызстандыктар.

Самара-Шымкент жолунда 31-октябрда болгон кырсыкта эки киши жараат алды.

Автобус авариядан кийин оңдолуп, 1-ноябрда кайра жолун улантып кетти.