Ирандын экс-прокуроруна балак урулат

Саид Мортазави

Ирандын мурдагы баш прокурору Саид Мортазави жемкорлукка айыпталып, 135 жолу балак уруу жазасы өкүм кылынды. Ал 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин оппозициялык “Жашыл кыймыл” тобунун активисттерин камоодо жана аларды суракка алууда башкы ролду ойногон. Кийин прокурор кызматынан Ирандын аткезчиликке каршы агенттигинин башчылыгына которулган болчу.

2-ноябрда сот Мортазави “мамлекеттин каражатын сол чөнтөккө кымырып алган” деп айыптады.

49 жаштагы Саид Мортазави аппеляциялык арыз жазышы мүмкүн. Ал мурдагы президент Махмуд Ахмединежаддын тарапкери болгону айтылып келет.