АКШда шайлоо алдындагы коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Нью-Йорктун бийлигине федералдык коопсуздук органы 8-ноябрда болуучу президенттик шайлоонун алдында “Ал-каида” тарабынан террордук чабуулдар болуусу ыктымалдыгын эскертти. Бул тууралуу Рейтер агенттигине Нью-Йорк жана Нью-Жерсинин аба, деңиз портторун коргоо башкармалыгынын өкүлү билдирген.

Ал эми CBS News шайлоонун алдында, 7-ноябрда кол салуулар болушу ыктымалдыгын алгачкылардан болуп жазып чыккан.

Ак үй шайлоо учурундагы ыктымал теракттар жана добуш берүү участокторундагы террордук коркунучтардын алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын 4-ноябрда маалымдаган.