Жети-Өгүз чөлкөмүнөн чыккан Жанек баатырдын 200 жылдыгын утурлай өткөрүлгөн илимий конференциянын алкагында баатырдын эстелик күмбөзү ачылды. Бул иш-чара тарых жана маданият жылына арналган.
Конференцияга окумуштуу, тарыхчылар, Жети-Өгүз районунан чыккан коомдук ишмерлер жана Жанек баатырдын урпактары катышты. Иш- чараны "Тосор" ынтымак коому демилгелеп, уюштурган.
Жанек баатыр 18-кылымда бугунун Желдең уруусунан чыккан кол башчы болгон.(AsM)