Трамптын Невададагы жолугушуусунда дүрбөлөң чыкты

Дональд Трампты Рено шаарындагы жолугушуудан чыгарып кетип жатышат. 5-ноябрь, 2016-жыл.

Невада штатынын Рено шаарындагы бул окуя учурунда сакчылар коопсуздук жүйөсүнөн улам Дональд Трампты ал сүйлөп жаткан сахнадан убактылуу чыгарып кетүүгө аргасыз болушкан.

Маалыматтарга караганда, буга улай залдагы адамдардын бирин да атайын кызматтын агенттери колуна кишен салып алып кетишти.

Окуя болгон жерден эч кандай курал табылбаганы да кабарланды.

Кийинчерээк өзүн Аустин Крейтис жана республикачыл деп атаган адамдын журналисттерге айтканына караганда, ал жыйын учурунда “республикачылар Трампка каршы” деп кыйкырганы үчүн президенттикке талапкердин жактоочулары тарабынан сабалган.

Ал эми дүрбөлөң залдагылардан бири анда “курал бар” деп кыйкырганынан улам чыкты.

Куралы табылбаган жана эч кандай айып койулбастан бошотулган Аустин Крейтис жыйындан аны колуна кишен салып алып кетишкен атайын кызматтын агенттерине ыраазчылык билдирип, адамдар аны “тумчуктуруп” салышмактыгын белгиледи.

АКШдагы президенттик шайлоо 8-ноябрда өткөнү турат. Талапкерлер Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп үгүт өнөктүгүнүн акыркы күндөрү шайлоочулары эки анжы болуп, кимге добуш берерин чече албай жаткан штаттарды кыдырышууда. (UE)