Алматыда өрттөн каза болгондор саны алтыга жетти

Иллюстративдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча Алматы шаардык департаменти 6-ноябрда Алматы Тауэрс бизнес борборунда чыккан өрттөн бир адамдын денеси табылганын билдирген. 7-ноябрда дагы беш адамдын сөөгү табылганы кабарланды. Куткаруучулар издөө иштерин улантууда.

6-ноябрда жергиликтүү саат боюнча кечки саат 8:30 да чыккан өрт 1 800 чарчы метр аянтты каптаган. Өрттүн чыгуу себеби иликтенүүдө. (AiT)