АКШда президенттик шайлоо болот

Хиллари Клинтон.

Бүгүн боло турган президенттик шайлоону утурлай АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоолор Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон атаандашы республикачы Дональ Трамптан алдыда экенин көрсөттү. Клинтон жана Трамп үгүт өнөктүгүн жыйынтыктап жатышат. Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон Нью-Йорктогу аэропортто журналисттердин айрым суроолоруна жооп берип, өлкөнү биримдикке алып келүүнү көздөй турганын билдирди:

- Мен адилеттүү президент болгум келет жана эл менен бирге өлкөдөгү ынтымакты чыңдап, өнүктүрүп кете аларыма көзүм жетет, - деди Клинтон.

Дональд Трамп 7-ноябрда Флорида, Түндүк Каролина, Пенсильвания жана Нью Хемпширде үгүт өнөктүгүн жүргүздү.