Хиллари Клинтон Нью-Йорк штатында добуш берди

АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон.

Кошмо штаттардын президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон Нью-Йорк штатындагы Чаппакуа шаарындагы шайлоо бекетине күйөөсү, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон менен кошо келип добуш берди.

Мурдараак АКШнын вице-президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Тим Кейн Ричмонд шаарында журналисттер алдында сүйлөп жатып “биз колубуздан келгендин баарын жасадык, эми баары шайлоочулардын колунда” деп айткан.

Америкалыктар 8-ноябрда 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бүткүл 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн шайлашууда.

Хиллари Клинтондун башкы атаандашы Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Хиллари Клинтон Нью-Йорк штатында добуш берди