Жумушчу сапарда мамлекет башчысы Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы ден соолукту чыңдоочу комплекстердин ачылышына катышат.
Мындан тышкары президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусундагы жаңы чек ара тозотун ачат. 10-ноябрда мамлекет башчысы атайын полктун жаңы имаратынын жана Баткен районундагы жаңы курулган мектептин ачылышына катышат. Президент ошондой эле Ош-Баткен автожолунун Ак-Татыр–Исфана тилкесин да ачат.
Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.
Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы ден соолукту чыңдоочу комплекстер “Газпром-Кыргызстан” ишканасы тарабынан курулган. Аталган компания тарабынан мындай комплекстер Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында да курулуп, жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген.(ZKo)