Түркия жана Европа Биримдиги бири-бирин сындады

Мевлүт Чавушоглу менен Федерика Могерини

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Федерика Могерининин сынын кабыл алгыс деп, Биримдик Анкаранын терроризмге каршы күрөшүн түшүнбөй турганын билдирди. Түрк министри Европа Биримдиги түрк калкынын терроризмге каршы күрөшүндө ишенимден чыкты деп кошумчалаган.

8-ноябрда Федерика Могерини 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин кабыл алынган катаал чараларды сынга алып, Анкараны “парламенттик демократияны сактоого, адам укуктарын сыйлоого, мыйзамдын үстөмдүгүн жана бардык жарандардын адилет сотко укугун камсыздоого” чакырган эле. Биримдиктин сыны чыгаарга чейин Түркияда "Жумхуриет" гезитинин журналисттери жана түрк парламентинин мүчөлөрү камакка алынган болчу.

Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу Германияны да сынга алып, бул өлкө Түркиядан чыккан экстремисттик топторго орун берүүдө деген. (AiT)