"Бул жакшы, эми бардык маселелер ачык талкууланат", деген пикирин Социал-демократтар фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов 11-ноябрда журналисттерге билдирди. Анын сөзү боюнча, сындын көпчүлүгү аткаруу бийлигине багытталышы ыктымал, бул демократия үчүн пайдалуу.
Өмүркулов бардык президенттер менен кызматташканын белгилеп, учурдагы жагдайды мурунку мезгил менен салыштырууга болбосун кошумчалады:
-Бизге парламенттен сүйлөөгө да тыюу салынчу. Айтылган сын үчүн өлтүрүп коюшчу же сабашчу. Менин позициям үчүн үйүмдү жардырышкан. Азыр эми оппозицияга жыргал болуп жатат. Толук эркиндик.
Социал-демократтар фракциясынын лидери журналисттерди “галстуксуз жолугушуу” форматында аңгемелешүүгө чакырган. Ага Өмүркулов баштаган КСДПчы депутаттар катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.(AKu/ZKo)