13-ноябрга аба ырайы

Кыргызстандын көпчүлүк аймагын 13-ноябрда ала булут каптайт. Жаан-чачын жаабайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз+12...+17,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндуз +12...+17,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндуз +15...+20,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +14...+19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндуз +7...+12,

Нарын облусунда түнкүсүн-5...-10, күндүз +5...+10 градус болот.

Бишкек шаарында асман булут каптайт. Жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн +1...+3 градус, күндүз +14...+16 градус болот.