Орусия АКШ менен мамилесин оңдоого даяр

Дональд Трамп.

Москва Вашингтон менен мамилесин калыбына келтирүү үчүн кызматташууну кечиктирбей баштоого даяр.

"Орус тарап убакыттан уттурбастан АКШдагы кетип бараткан администрация туңгуюкка алып келген азыркы жагдайды оңдоого даяр”, -деп билдирди Орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков ТАСС агенттигине.

Дональд Трамп президенттикке келсе Орусия менен мамилени жакшыртып, Путин менен дос болорун айткан. Обамага караганда ал жемиштүү сүйлөшүү жүргүзөрүн белгилеп келет.

“Биз белгилер жана убадалар эмес, ишти баалайбыз”, - деди Рябков.

Москванын Вашингтон жана батыштагы өнөктөштөрү менен мамилеси 2014-жылкы Украина чатагынан кийин начарлаган.

Дональд Трамп расмий түрдө 2017-жылдын 20-январында ант берип, ишке кириши керек.