Кыргызстандык балет бийчилер жеңишке жетишти

Кыргызстандык бийчилер Марат Сыдыков менен Фарух Садыркулов “Сибирь Гран-Приси” эл аралык балет фестивалында 3-орунга татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрилигинен кабарлашты.

Сынак “ХХI кылымдын балети” форумунун алкагында өттү. Сергей Прокофьевдин 125 жылдыгына арналып өтүп жаткан форумга Германия, Италия, Жапония, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Украина өлкөлөрүнөн 37 бийчи катышкан. Калыстар курамын орусиялык жана чет элдик көрүнүктүү балет жылдыздары түзүп, топту хореограф, Париж операсындагы балет трупасынын мурдагы директору Брижит Лефевр жетектеген.

Таймашта 1-орунду жапониялык жана орусиялык бийчилер, 2-орунду казакстандык жана орусиялык бийчилер, ал эми 3-орунду кыргызстандыктар Марат Сыдыков менен Фархут Садыркулов жеңип алган. (ZA)