Өкмөт башчы Жээнбеков Москвадагы жыйынга катышат

Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев (архив)

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты кабарлады.

Эртең, 16-ноябрда өтө турган жыйында Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин долбоорун карашат.

Мындан сырткары, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салуу жана кызматташтыктын башка актуалдуу маселелерин талкуулашмакчы. (SDz)