Прокуратура: “Белизгейт” боюнча кылмыш иши козголо элек

Индира Жолдубаева

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен келип түшкөн документтер боюнча текшерүү иштери башталганын билдирди. Бул үчүн алдыда мекемелер аралык топ түзүлүп, биргеликте иш алып барарын ал парламенттин жыйынында айтты.

- Биз азыр бул документтердин көчүрмөлөрүн гана алдык. Алдыда Абдил Кеңешович (Сегизбаев) менен сүйлөшөбүз. Бардык суроолорду ведомство аралык жумушчу топ түзүп бирге иликтейбиз. Андыктан азыр эч кимге кылмыш иши козголбойт, бир гана текшерүү иштери жүрүүдө.

Индира Жолдубаева Белизден келген документтерди текшерүүдө эч ким прокуратурага жолтоо боло албасын убада кылып, прокуратура өз ишин так аткарат деди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш “Белизгейт” боюнча ишти карап жатат. Парламентке прокурордон тышкары УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев келип маалымат берүүдө. (SDz)