Тажикстанда президенттин күнү белгиленүүдө

Хатлон аймагы

Бүгүн 16-ноябрда Тажикстанда алгачкы жолу президенттин күнү белгиленүүдө. Бул күн президент Эмомали Рахман мектепте окуган Хатлон аймагында өзгөчө майрамдалууда.

Майрамды жактагандар карапайым адамдын президентке чейин өсүп жетиши – жаштарга үлгү дешет. Ал эми сынчылар муну Рахмандун жеке башына сыйынуу өнөктүгү күчөдү деп мүнөздөшөт. Тажик бийлиги бул күн - өлкө президентинин аракетин даңазалоо үчүн түзүлгөнүн айтышты.

Эмомали Рахмон 1992-жылы 16-ноябрда өлкөнүн Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Жакында коңшу өлкөнүн башчысына эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деген макам берилген.