Сокулук районундагы «Азамат» автобазарында бүгүн бастырма урап түшүп 15 автоунааны басып калганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди.
- 15 машинеге зыян келген. Ыкчам топтун кызматкерлери жеринде баарын териштирип, тактап келишти. Бул боюнча экспертиза дайындалабы же башка болобу, эртең белгилүү болот.
Окуяда эч ким жабыр тарткан жок. «Риом-авто» Кыргызстандагы эң чоң машине базар болуп саналат. (NT)