ӨКМ: Каракол-Эңилчек жолун тазалоо кыйынга турууда

Кыш.

ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, катаал аба ырайына байланыштуу убактылуу жабылган Каракол-Эңилчек жолун тазалоо иштери баштала элек. Адистер бороон басылса жол ачууга киришкени даяр турушат. Мындан тышкары Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолуна улам кар көчкү түшүп, тазаланууда. Каттам азырынча жабык.

Ал эми Кара-Кулжа районунун Алайкуу айылынын тургундары электр жарыксыз отурат. 17-ноябрда түнкүсүн Кара-Кулжада калыңдыгы бир метрге жеткен кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында ички жолдор жабылган, электр энергиясы өчүп калган.19-20-ноябрда Алайкуудан башка айылдарда кезеги менен энергия калыбына келтирилди. (NT)