Кара-Кулжада жайлоодо калган чабандар изделүүдө

Оштун Кара-Кулжа районундагы Казык жайлоосунда калган үч чабан жана 800 жандык изделип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алар Терек айылынын тургундары. 17-ноябрдан бери дайынсыз. Туугандары куткаруу кызматына 20-ноябрда кабарлашкан. Кыштак менен жайлоонун ортосу 30 чакырым.

Тоодо кар калың болгондуктан, куткаруучулар кар тазалоочу жана башка үч атайын техникада аларды издеп жатат. (SE)