Сомдун долларга карата курсу төмөндөөдө

Кыргызстанда улуттук валютанын долларга карата курсу төмөндөөдө. Улуттук банктын расмий маалыматына караганда, бүгүн 1 доллар 69 сом 20 тыйын деп бааланды.

Жаздан бери 67-68 сомдун тегерегинде болуп келген доллар ушу тапта жеке акча алмаштыруучу жайларда орточо 69 сом 30 тыйындан сатылууда.

Былтыр ноябрда 1 доллар дээрлик 76 сомго жетип, бул курс быйылкы жылдын февралына чейин кармалган. (RK)