Алайкууга электр энергиясы берилди

ӨКМ билдиргендей, айылда 21-ноябрдын кечинде электр жарыгы калыбына келтирилди. 17-ноябрда түнкүсүн Кара-Кулжада калыңдыгы бир метрге жеткен кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында ички жолдор жабылган, электр энергиясы өчүп калган. Азыр алардын баарында жарык бар.

Ал эми аймактагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 75-чакырымынан 128-чакырымына чейинки бөлүгү тазаланды. Калганын тазалоо иштери уланууда. Жолго улам кар көчкү түшүп жатканына байланыштуу азыр жабык турат. (NT)